www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кыргыздын улуттук суусундуктарынын бири - бозо ичүүгө тыюу салган фатва (чечим) чыгарды деген сөз коомдо кызуу талкууланууда. Бул маселе тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Энвер Хавазов өз пикирин баракчасына жарыялады. Анда колдонуучу кыргыздарды улуттук баалуулуктарды сактоого чакырган. 

Анын посту төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө канчы жыл болгон, эки миңби? Кыргыздар тууралуу, улут тууралуу алгачкы ирет ким тарабынан, качан эскерилген? Андан да көп деп ойлойм. Кыргыздардын өз учурундагы таасири  кандай болгон? Кыргыз Каганаты жөнүндө канча эскерүүлөр бар? Кыргыздардын канчалаган легенде, миф, эпостору бар? Кыргыздардын канчалаган макал, жаңылмачтары бар? Кыргыздарда аялзатынын орду кандай болгон?

Жалпысынан жүздөгөн, миңдеген макал-лакап, миф, эпостору бар. Таасири абдан чоң болгон. Демек, кыргыз улутунун маданияты, салты миңдеген жылдарда, кылымдарда калыптанып келген.

Татаал көчмөндүк  жашоо маданиятында аялзаты жолдошунун таянычы, очогунун сактоочусу жана балдарынын энеси болуу менен кыргыздын жашоосунда аялдын орду чоң болуп келген. Кыргыздардын кийимдери да ар кандай шартта калыптанган.

Кыргыздардын ашканасы күндөлүк жашоого, географиялык, климаттык жана маданий шартка байланыштуу миңдеген жылдар бою калыптанып келген.

Кыргыздардын  жашоосунда жылкы жана ит маанилүү орунда туруп, алар катаал тоо шарттарында жашоого жардам берген.

Кыргыздардын суусундугу- миңдеген жылдар бою калыптанган ошол эле географиялык шарттардын, маданияттын жана салттардын алымы.  

Анан ушул жерден аял-эркектин кызматчысы, ал бетин  жаап жүрүш керек;

 Ит бул ыплас жаныбар, итке кыргыздын короосунда, үйүндө орун жок;

Бозо бул-ичүүгө тыюу салынган спирттик ичимдик;

Быжы- кандуу колбаса, ал-арам;

Кыргыздар көйнөк, дамбал кийип, анормалдуу тапочка кийип жүрүшү керек;

Кыргыздарда аз, жалган болсо дагы сакал болсун;

Кыргыздар чүпүрөк кийиш керек, аялы, балдарын таштап, дааватка бир-эки айга кетип калышы керек деген эки класстык билими бар “сакалчан тип” келет. Анан эмне болот?

Санжыра – ата-бабалардын 7 муунуна чейинки билими. 7 ата-бабасы кыргыздын салты менен өмүр сүрүп, энелерди, аялдарды сыйлашкан, бозо, кымыз ичип, быжы, карта жеп, жомокторду, болгон окуяларды айтып берип, мака-лакаптарды айтышып, тамашалашкан, ата-бабаларын урматташкан,  балдарга жакшылык гана каалашып, мектепке, институтка окууга жиберишкен. Алар азыркы мечиттеги молдолорго караганда адилеттүү жана кадыр-барктуу болушкан.

Мен кыргыз эмесмин. Өлкөдөн чыгып кетүү үчүн бир миң бир себебим болсо да, өзүмө жана үй-бүлөмө андай вариантты караган эмесмин. Мен жан дүйнөм менен ушул өлкөнү сүйөм. Жаратылышты сүйөм. Адамдарды сүйөм. Жазмасы жок болсо да ушул күнгө чейин сакталып келген маданий мурастарына суктанам.  

Кыргыздар, силер жогоруда айтылгандарды ата-бабаңар сыяктуу сакташыңар зарыл.

Кайран элим, кайда баратабыз?

P.S. Сүрөттү Соң-Көлдө  жергиликтүү чабандан кымыз сатып алганда тартканмын. Керемет үй-бүлө!

 P.S.S. “Сакалчан тип”  дегенде кимди айтып жатканымды айтып чарчадым. Ушул жерде тактап өтөйүн:

Кеп кыргыз маданиятына карама-каршы келгендер, өзүнүн жеке пикирине ээ боло албаган  чала сабаттуулар, билимден, маданияттан, музыкадан, живопистен ж.б. коомдук атрибуттардан баш тартып жаткандар, аялдардын эркектер менен  тең укуктуу адам болушуна каршы болгондор, балдарга окууга тыюу салгандар, өзүнүн динин башка диндерден бийик койгон адамдар жөнүндө болуп жатат.

Мындайлар бар. Чыныгы момундар гана бул ойго күмөн жарата алат",-дейт 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгы бозону ичүүгө тыюу салды деген маалымат чыккан.  Бул сөз талкууларга жем болгон. Бирок, Уламалар кеңешинин улуттук суусундуктар боюнча фатвасы жок экендигин билдирди:

«Бизде мындай фатва жок. Бирок, диний аалымдар бозо ичүүдөн алыс болууга чакырышат», — дейт муфтият.

Белгилей кетсек, буга чейин Уламалар кеңиши коомдо ар кандай пикир жараткан тармактык маркетинг, пластикалык операция жана эмдөө боюнча фатва кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости