www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсандын кадыры калк арасында өсүүдө

5 айдан бери башы сурактан чыкпай жүргөн Курсан Асановдун иши тергелип бүтүп, аскердик прокуратура Башкы прокуратурага жөнөттү. Бирок, башпрокуратура ишти дагы толуктоого УКМКга жөнөттү. Эске сала кетсек Асановду милицияга болгон ишенимди жоготту, кызмат абалынан кыянаттык кылган, берилген ишенимди актаган жок деген айыптар тагылган. Акыркысы вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун түшүнүк катын журналисттерге жарыялаган деген кине коюшкан.

Бирок, бычакты кайраган сайын курчуйт демекчи, элдик генералдын мойнуна улам бир күнөөнү койгон сайын анын калк арасында кадыры калыңдап барат. Жөнөкөй жарандар эмес, айрым полковниктер көчөдөн жолугуп калса кучактап учурашып, баары бир чындык жеңерин айтышып, генералды миңдеген кызматкерлер күтүп жатканын айтканы, анын калк арасында эле эмес, ИИМдин ичинде да кадыр-баркка ээ экенин билдирет.

Булак: “Факты.kg”

Последние новости