www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери шаар аймагында маршруттук топторго бөлүнүп коомдун коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө алып, кырдаалга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Кызыл-Кыя шаарында санитардык карантиндик посттор коюлуп, милиция кызматкерлери 24 саат боюу күнү-түнү иш алып барууда. Мындан улам жарандардын аймакта эркин кирип чыгуусуна чектөө киргизилген. Андыктан жарандарга зарыл жумушу болбосо көчөгө чыкпоо талабы коюлган.

Ага кошумча жарандар бет кап менен жүрүүсү зарыл. Ал эми пандемияга байланышкан жалган маалымат тараткан жарандар мыйзам чегинде жоопко тартылаары эскертилет. Социалдык тармактар аркылуу келген маалыматтарга ишенүүдөн жана аны таратуудан алыс болууга чакырат. Такталган маалыматтарды ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыялоодо. Андыктан сак болуңуздар! 

Учурдагы  кырдаалды жеңүүдө ар бир жаран коюлган талаптарды аткарып, тартипке баш ийүүсү зарыл. Эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө сиз үйдөн чыкпай коомго салым кошуңуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости