www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк шаарындагы Бронкс зоопаркында Надия аттуу бир малай жолборсунан коронавирус табылды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.

Бул Кошмо Штаттарда COVID-19 вирусу адамдан жаныбарга жуккан биринчи учур. Зоопарктын жетекчилиги жолборско вирус илдетке чалдыгып, бирок симптомдору билине элек кызматкерден жугушу мүмкүн деп жоромолдоду.

Маалыматка ылайык, жолборс жөтөлүп, тамактан баш тартып, кыйналып дем ала баштаганда зоопарктын ветеринарлары аны коронавируска байланыштуу текшерүүдөн өткөрүшкөн. Ушундай эле белгилер байкалган дагы алты арстан менен жолборстон анализ алынды. Алардын жыйынтыгы чыга элек.

Нью-Йорк шаарында коронавируска чалдыккан адамдардын саны 100 миңден ашты. Бронкс зоопаркы вирусту жугузуп алган кызматкеринин абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости