www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир сутка ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында баары болуп – 15 кылмыш окуялар катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы Жеңишбек Жооробеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 6, Сузак районунун аймагынан – 2 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилген. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы – 381 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 368 автоунаа кармалып (өзгөчө абал киргизилгенден тартып), айып аянтчасына коюлган. 

Ал эми коменданттын “Өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” 2020-жылдын 23-мартындагы №6 буйругунун негизинде күнүмдүк азык-түлүк жана дары-дармектерди ташыган Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан сутка ичинде жалпы 100 жүк ташуучу унаалар КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлгөн. 

Комендант Жеңиш Жоробековдун Кайрылуусу төмөндөгү текстте: 

"Урматтуу мекендештер, Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жана коноктору! Биздин негизги максат -  ушул дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун  сактоо болуп эсептелет.

Тилекке каршы ушул илдетти жуктуруп алган жарандарыбыздын саны өсүүдө, ошондуктан суранарым биз тараптан көрүлгөн чараларды жана чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугунуздарга кам көрүүгө чакырамын.

Мамлекетибиздин эң чоң байлыгы – элибиздин саламаттыгы", - деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости