www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын түштүгүндөгү Теннеси штатынын Галлантин шаарында реабилитациялык борбордун медайымы коронавирус ден соолугуна кандай таасир тийгизгендиги жөнүндө коркунучтуу видео жарыялады. Ал видео-тасманы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына чыгарган.
Шарека Уильямс (Shareka Williams), COVID-19 вирусунан дем ала албай жатканын октон алган жаракат менен салыштырган.
“Мени эч качан атышкан эмес, бирок, бул оорудан октон дагы катуу жаракат алат окшойсуң. Жан чыдагыс оору”,-деди.
Медайым коронавирустун инфекциясынын айынан ал араң тамак жеп, кыймыл аракети оорлошконун жана ар бир дем алганы чыдатпай ооруп жатканын айткан.
Уильямс коопсуздук чараларын, адамдар арасында аралыкты сактоого жана вирустан коргоочу каражаттарды жанына алып жүрүүгө чакырды.
“Кеч болуп кеткенче күтүп жүрө бербегиле. Ал сизге, үй-бүлөңүзгө же балдарыңызга жеткенге чейин күтпөңүз”,-деп коомчулукка кайрылган.
Буга чейин Англиянын Лоутон шаарынын тургуну коронавирус менен ооруп чыккан. Ал вирус пикке жеткенде, дем алуу кыйындап, ар бир дем алган сайын ичинде жан алгыч олтургандай сезилгенин айткан.
Коронавирустук инфекция бейтаптын мурунунан же оозунан чыккан кичинекей тамчылар аркылуу жугат жана курчап турган нерселерге жайылат. Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюму илдетке чалдыккан адамдардан бир метрден ашык аралыкта жүрүүнү, колду дайыма жууп, дезинфекциялоону, мурунга жана көзгө тийбөөнү сунуштайт.
Булак: NazarNews.kg