www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базардан түз эле Жогорку Кеңешке «секирген» Кожобек Рыспаев кандай учурда, кантип жыланга окшоп терисин алмаштырып, хамелеондой түсүн өзгөртүш керектигин куп гана далилдеди. Эл көзүнө калп эле күпүлдөгөн менен чыныгы жүзүн коомчулук билип бүттү.

Саясатка баш баккан 7 жылдын ичинде Куловду сатты, Атамбаевди сатты, эми болсо Жээнбековго көлдөлөң болуп төшөлүп жатат. Эртең сатып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ушундай кылыгынан улам КСДП өз катарынан чыгарып салды. Бирок КСДП фракциясынан чыгаруу маселеси кечеңдеп келет.

Буга фракция лидери Иса Өмүркуловдун «саяк» жыттанган уруулук тууну көтөрүп, жан тартып жатканы себеп бо-лууда. Экс-президент Атамбаев-ди фракция лидери Өмүркулов укпай моюн толгоп, Рыспаевди калкалап жатканы эмне менен аяктаар экен?..

Булак: “Фабула”

 

Последние новости