www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрбол Султанбаев:

Түркиянын бир катар массалык маалымат каражаттарына “Сапат” мектептеринин жетекчиси Орхан Инандыны Кыргызстандын атайын кызматтары кармап берди деген маалыматтар тарады.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул айтылгандарга жооп берди.

Султанбаевдин маалыматына караганда, Орхан Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар деп айтылган божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе.

Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөн тарта президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү жана Орхан Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

Мындан сырткары буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракеттери көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракет атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан токтотулуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият жүрүүсүн эскертишкен.

"Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, Түркиянын жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости