www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жылдык таңууланган «зона комфортадан» чыга албай жатабыз, тилекке каршы... Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев билдирди.

«Бардык нерсе ниеттен!

Жашообузга саясатты аралаштырбай койсок эле, баары токтоп калчудай...

30 жылдык таңууланган «зона комфортадан» чыга албай жатабыз, тилекке каршы... Кыргызстанда кандай жаңылык болбосун, «колу-бутун кайрып алып келип, мурду менен саясатты сүздүрөбүз».

Эң өкүнүчтүүсү - туура-туура эмесин талдабай, изилдебей туруп, баарын саясий көз-караштын, саясий кумирлердин деңгээлине алып чыгып, анан ошолордун редакциясы менен баа берип жатабыз.

Эртең ошол эле «кумирлер» тетири сүйлөсө, 180 градуска бурулуп, аларды 100% ээрчийбиз. Тарых тастыктап эле келе жатат.

Байкуш жаңылыктардын каармандарын да саясий тар көз-караштын туткуну кылып алдык.

Акыркы жылдары мен бир нерсени түшүндүм: алдыга жалпы элге керектүү, асыл долбоорлорду, максаттарды коюп, бийлигиби же оппозициясыбы - биз аларды ошол максаттарга жетүүгө пайдаланышыбыз керек.

Саясаттан алыстайлы, колдон келсе, айлана - чөйрөбүздү да оолак кылалы.

Талаш-тартыш, карама-каршылык качан болот? Качан биздин максаттарыбыз жеке, тар кызыкчылыкка, бир топко, чөнтөккө, кара курсакка, кулкунга келип байланганда.

Эгерде биз жалпы максатыбызды «КЫРГЫЗСТАН жана КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР» деп койсок, кээ бир майда талаш-тартыштарга көңүл бурбай калабыз.

30 жылдан бери саясаттан чарчабадыңарбы?!», - деп жазган Ысманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости