www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган батыш өлкөлөрү келе жаткан кыштын алдында дүрбөлөңгө түшүп жатканын айтып, баанын көтөрүлүшүнө ишарат кылды.
«Энергетикалык кризис деген тема бар, баалар өсүп жатат. Эми Батыш бул кышты кантип өткөрөт деп дүрбөлөңгө түшүп жатат. Мен акылга сыярлык кадамдар менен биз бул сыноолорду жеңебиз деп үмүттөнөм», - деди түрк лидери Эрдоган.
Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда Европанын экономика боюнча комиссары Паоло Жентилони алдыдагы кыш Евробиримдикте «тарыхтагы эң начар кыш болорун» айтып, газдын баасы рекорддук жогору экенин эскертти. Ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусияга каршы киргизилген 11 миң санкция Европаны чөгөлөт деп билдирди.
Булак: NazarNews.kg