www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп  Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия процессинин бардыгыбыз  бирге чаралар көрүлүп, дүйнөгү өлкөлөрдөн дагы аз убакытта ашылып өтүлө турганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Эрдоган, «Гайреттепе-Кагытхане-Стамбул аэропорту» метро долбоору боюнча туннелдин алгачкы нур көрүнүүсү аземине видео конференция форматында катышты.

Президент Эрдоган сөзүндө: «Өнүккөн мамлекеттер дагы чарасыз калган пандемия процессин Түркия катары өз муктаждыктарыбызды камсыздоо менен эле калбай жардам берип өткөрдүк. Бардыгыбыз бирге чара көрүүлөргө баш ийсек абдан кыска убакта биз дүйнөдөгү өлкөлөрдөн дагы ылдам бул абалдан ашып өтөбүз»,-деди.

Бир тараптан Ковид-19 менен күрөшүү боюнча маанилүү борбор болушу пландалган Стамбулдун «Ататүрк» аэропорту жана Санжактепедеги ооруканалар тууралуу Эрдоган: «Саламаттык сактоо туризмине карай чет өлкөдөн келгендер бул жерге учактар, тез жардам учактар менен келишет жана бул жерлерде дарылануусунан кийин узатабыз»,-деп айтып, саламаттык сактоо туризмине абдан маани бергендерин айтты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости