www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаданын Кытайдан сатып алган N95 үлгүсүндөгү 11 миллион бет каптан 8 миллионунун стандарттарга жооп бербегени белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Квебек штатынын мамлекеттик сатып алуу министри Анита Ананд,11 миллион бет каптан орто эсеп менен 1 миллион чактысы стандарттарга туура келгенин, 8 миллионунун болсо колдонууга ылайыктуу эместигин айтты.

Ананд, калган бет каптардын тест баскычында экенин белгилеп, стандатка жатпаган 8 миллион бет каптын башкача түрдө пайдаланыла турганын маалымдады.

Бир тараптан Канаданын медиасында Кытайдан өткөн айда импорттолгон бир миллион N95 үлгүсүндөгү бет каптын дагы жараксыз болуп чыкканы тууралуу кабарлар орун алды.

Федералдык өкмөттөн бул темага байланыштуу маалымат берилген жок.

Булак: NazarNews.org

Последние новости