www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, эл аралык уюмдар маанисин жоготкон ушул мезгилде Түркия өз позициясында туруп күчүн көрсөткөнүн айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Эрдоган, Стамбулдагы Башакшехир оорукана шаарчасынын тейлөөгө киргизилиши жана жергиликтүү дем алдыруучу шайманынын тапшырылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, мамлекет жана жеке менчик секторунун кызматташтыгынын башкарылышы менен ишке кирген долбоордун алкагында 10 оорукана шаарчасынын тейлөөгө киргизилгендигин эске салды.
"Бүгүнкү күндө 5400 толук жабдылган шайман жана 19 аба унаасы менен эң заманбап тез жардам флотторунан бирине ээ болдук. Түркия саламаттык сактоо тейлөөлөрүндө дастан жазды. Коронавирус пандемиясынан кийин кайрадан курула турган дүйнө тартибинде өлкөбүздү укуктуу болгон жерге жеткириш үчүн барыгыбыз бирге дагы көп иштейбиз. Дүйнө жүзү желдеткич жагынан кыйынчылык тартып жатат, биз болсо бул процессти ийгиликтүү түрдө ашып өттүк», -деп Эрдоган айтты.
Ошондой эле, Эрдоган жаңы мезгилде, жаңы инвестициялар жана жаңы тейлөөлөр менен өлкөбүздү ар дайым дагы бир кадам жогоруга чыгарабыз деп кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg