www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстандагы белгилүү ислам аалымы Габдрахман Наумов “тыюу салынган топтун филиалын түзүп, башкарган” деген айып менен камакта отурат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары анын адвокаты Руслан Нагиевге таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Наумов Татарстандагы Орусия ислам университетинин окутуучусу жана борбор Казандын башкы мечитинин мурдагы имамы болчу.

“Анын кармалышы Татарстандагы көпчүлүктү дендароо кылды. Көптөгөн диний жана коомдук ишмерлер Наумовду колдоп жатышат. Ал кандайдыр бир экстремисттик топтун лидери болушу мүмкүн экенине эч ким ишенбейт”,- дейт адвокат Нагиев

Ошондой эле сот чечими чыга электе эле Татарстандын укук коргоо органдары кардарын экстремисттердин тизмесине кошуп салышканын белгиледи.

Наумов өзү да коюлган айыптарды кескин четке каккан.

Белгилей кетсек, “Нуржулар”  кыймылы 1960-жылы дүйнөдөн өткөн түркиялык ислам аалымы Саид Нурси тарабынан негизделген. Орусияда анын ишмердигине 2008-жылы тыюу салынган.

Габдрахман Наумов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости