www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Эрдоган Ташкентте өткөрүлгөн Экономикалык Кызматташтык Уюмдун 16 -саммитинде сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын, Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерин улантып жатканын билдирди.

Президент Эрдоган Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте өткөрүлгөн Экономикалык Кызматташтык Уюмдун 16 - Лидерлер саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларына токтолду.

Израиль тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 11 миңге жакын газалыктын 73 пайызынын аялдар жана балдар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Батыш өлкөлөрүнүн толук колдоосуна ээ болгон Израилдин администрациясы адамзаттын бардык баалуулуктарын бузуу менен мектептерди, мечиттерди, чиркөөлөрдү, ооруканаларды жана университеттерди бомбалоону улантууда. Адам укуктары, эркиндиктери жана демократия жөнүндө тынымсыз сөз кылган Батыш өлкөлөрү болсо Израилдин бул кыргындарынын баарын алыстан карап турушат»,- деди.

Түркиянын гуманитардык ок ​​атышпоо жана кагылышуулардын жайылышын алдын алуу үчүн дипломатиялык демилгелерин улантканын түшүндүргөн Эрдоган: «Аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн да тыгыз иштеп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин египеттик боордошторубуздун колдоосу менен Эл Ариш аэропортуна 230 тоннадан ашкан 10 учак гуманитардык жардам жөнөттүк. Аймакка 2 жарандык гуманитардык жардам кемесин жөнөтүү боюнча даярдыктарыбыз уланууда»,-деди.

Президент ошондой эле 15-ноябрда Стамбулда мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайларынын катышуусунда эл аралык жыйын өткөрүлөрүн билдирип: «Ушундайча газалык боордошторубуздун азаптарын жеңилдетүү үчүн күчтүү тилектештик көрсөтүлөт»,-деп айтты.

Экономикалык Кызматташтык Уюму катары көрсөтө турган позициянын кан төгүүнү токтотуу үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген президент: «Эсиңердеби (2016-жылы, Францияда) Charlie Hebdo (журналга кол салуу) окуясында 25 адам каза болгон. Дүйнө лидерлери Парижде чогуу жүрүшкө чыгышкан. Азыр 11 миң бала жана аял набыт болду, дүйнө тымтырс. Америка менен Батыштын баары унчукпайт./.../ Биз бүгүн мусулман катары үнүбүздү, өзгөчө Экономикалык Кызматташтык Уюмунда үнүбүздү чыгарбасак, качан үнүбүздү чыгарабыз?», - деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости