www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган коронавирустан дарыланып жаткан Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун бат айыгып кетишин каалап, кат жазды. Бул тууралуу түркия басылмалары жазып чыкты.

Түркия президентинин Жонсонго жазган каты төмөнкүчө:

«Урматтуу премьер- министр жана досум, өзгөчө дарылануу процессинин эртерээк аяктап саламаттыгыңызга жетишүүңүздү чын жүрөктөн каалаганымды билдиргим келет.

Өлкөбүз үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөш, күчтүү бир союздаш жана дос болгон Бириккен Королдуктун бүткүл дүйнөнү таасир астына алган Ковид- 19 эпидемиясынан эң көп таасирленген Европа өлкөлөрүнүн бири экендигин билемин.

Бул кыйын мезгилде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, Бириккен Королдук калкына өлкөм жана улутумдун атынан көңүл айтам.

Бирккен Королдук мекемелеринин Ковид-19 эпидемиясына карата көргөн чараларын иликтеп жатабыз. Ушунун алкагында башта өкмөтүңүздүн мүчөлөрү менен Улуттук Саламаттык Системасынын кызматкерлери менен аракет кылган барына ийгилик каалаймын.

Бириккен Королдук калкынын бул трагедияданэң аз чыгым менен чыгышын каалайм. Дээрлик бардык тармактардамыкты карым-катнаштарга ээ болгон жана Түркия үчүн баш тартылгыс өнөктөштөрдүн бири болгон Бириккен Королдук өлкөбүз менен тилектештигин түрдүү себептер менен бир топ жолу көрсөттү. Акыркы жолу тышкы иштер министри Доминик Раабдын 2020–жылы 13-мартта, коргоо министри урматтуу Бен Уоллес менен Түркия соода элчиңиз Robin Janvrinдин өлкөбүзгө жасаган расмий сапарлары мунун негизги көрсөткүчтөрү.

Биз да кыйын күндөрдү өткөрүп жаткан дос жана союздашыбыз Бириккен Королдук менен колдошуубузду көрсөтүү үчүн бүгүн аба күчтөрүбүзгө таандык бир учак менен өлкөңүзгө медициналык жардам жибердик.

Бул эпидемия менен күрөшүңүздө сиздин бат айыгып кетишиңизди каалаймын. Глобалдык бул кыйынчылыктан өткөндөн кийин жүргүзүп келген байланышыбызды жана эки тараптуу кызматташуубузду Брекзиттен кийинки мезгилде да алдыга жылдыра турган кадамдарыбызга чечим чыгаруу үчүн өлкөбүздө сизди тосуп алууну каалагандыгымды баса белгилегим келет»,- деп Эрдоган жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости