www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов оору чыккан аймакта иштегенине карабай, 14 күндүк карантинде болгон эмес. Бул тууралуу анын орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Белгилей кетсек, ал министр кызматына дайындалганга чейин вирус биринчилерден болуп аныкталган Жалал-Абад облусу боюнча координатор болгон.

"Министр Сабиржан Абдикаримов COVID-19 вирусуна эки жолу анализ берип, экөө тең таза чыкты. Ал министр кызматына дайындалганга чейин Жалал-Абадда иштеген. Кырдаалга жараша анын 14 күн карантинде кармалганга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Жакында биз дагы анализ бердик, вирус аныкталган жок”, — деди Каратаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости