www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган “Фетхуллачылар террористтик уюму” (ФЕТО) Кыргызстанда күчтүү таасирге ээ деп эсептейт. Түркиянын Sabah гезити кабарлагандай, бул тууралуу ал Кыргызстандан кайтып баратып учакта журналисттер менен маектешүүдө билдирген.

“Тилекке каршы, ФЕТО Кыргызстанда олуттуу дэңгээлде иш жүргүзөт. Алар мамлекеттик институттарга, аскер структураларынан баштап сот бийлигине чейин кирип кетишкен. Алар жадагалса саясатчыларды коркутуп алууга да чындап жетише алышкан. Биз Кыргызстандын Өкмөтүнө ФЕТО Түркия үчүн эле эмес, ал иштеген кайсы мамлекет үчүн болбосун коркунучтуу экенин түшүндүрдүк. Бул топтун билим берүү ишмердиктери токтоосуз жоюлушу керек”, - деп баса белгилеген ал.

Түркиянын президенти ФЕТОнун дүйнөнүн 160 мамлекетинде бар экенин белгилеген.

Режеп Эрдогандын айтымында Түркия “ФЕТОнун аракеттери боюнча өзүнүн кооптонууларын эл аралык аренада кабарлоону жана бул тууралуу башка өлкөлөргө эскертүүнү уланта берет”. 2016-жылдын 15-июлунда Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн офицерлери менен аскерлеринен турган топ мамлекеттик төңкөрүш жасоого жана президент Режеп Тайип Эрдоганды барымтага алууга аракет кылышкан. Негизги каршылашуу Стамбул менен Анкарада жүрүп, козголоңчуларды кошпогондо 250 адам каза болгон, эки миңден ашууну жаракат алышкан. Анкара бул козголоңго ФЕТОну айыптайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости