www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП фракциясынан кечээ жакында эле чыгарылып, эркин депутаттардын катарын толуктаган Кожобек Рыспаев менен баарлашып, эмне үчүн фракциядан чыкканынын себебин билүүгө аракет кылдык.

-Кожобек мырза, КСДПнын катарынан тентегиңиз үчүн чыгарылдыңызбы же партиядан чыгышыңыздын  эл билбеген  себеби барбы?

-Мен тентек болсом жашоомдо тентектирмин. Бирок,  жумушка  эч качан тентектик менен мамиле кылган жан эмесмин. Кандай иш менен алек болсом да, жумушка олуттуу мамиле кылам. Ошон үчүн партиядан, партиядан  чыгышыма тентектигим  себеп  болбогонун жакшы билем. Позициям себеп болду окшойт. Анткени,  коррупция менен күрөшүүдө  катуу турганым, курч сүйлөгөнүм  кимдир бирөөлөргө жакпай калгандай. Ошон үчүн чындыкка дал келбеген нерсени шылтоо  кылып, мени фракциядан чыгарышты көрүнөт.

-Демек, басма сөздөргө жарыяланып кеткендей японияда сигарет чегип, тартип бузган эмессиз?

-Тартип бузмак турсун, сигарет чеккен депутаттардын айынан маселе жаралганда мейманканын администрациясына түшүп, түшүнбөстүк болгонун, сигарет чегүүгө тыюу салынган белгини байкабай калышканын айтып, кечирим сурап, кырдаалды жөнгө салгам. Кызыгы,  теңирден тескери маалымат тарап кетиптир. Неге андай болгонун түшүнбөй калдым.

Гезит, сайттарга жарыяланып кеткендей  мен тыюу салынган жерге сигарет чегип, аны матрацтын алдына катмак турсун, бала кезимден  эле  сигарет чеккен адаттан алысмын. Мага ишенбесеңер мен өскөн айылдагылардан ал тургай  кесиптештеримден  да сурасаңар болот. Менин сигарет чекпесимди баары эле билишет.

-Чыныңызды айтыңызчы, япониядагы мейманканада сигарет чеккени үчүн айып төлөө маселеси жаралып, аны төлөй албай япон парламенти төлөгөн жагдай орун алды беле?

-Айып пул төлөө боюнча маселе чыкканы чын. Бирок, аны япон парламенти эмес, Кыргызстандан барып, сигарет чеккен депутаттар эле төлөгөн. Аны мен беттерине деле коюп берем.

-Атын атай аласызбы?

-Атай алам. Нургазы Айдаров 700 доллар төлөгөн. Алимбеков, Эшимовдор сигарет  чеккен. Аны өздөрү деле танбаса керек.

 -Неге сигарет чекпесеңиз да ошону шылтоо кылып, каралап партиядан чыгарышты. Жогору жакта келишпес душманыңыз барбы?

-Депутат болгондон кийин дос да күтөт экенсиң, бирок ошол эле мезгилди чындыкты бетке айтып коём деп душман да күтөт экенсиң. Менде дос да, душман да жетиштүү. Кимиси ушундай ишке дааганын азырынча биле албай жатам. Мен фракцияда болсом да, андан чыксам да элим үчүн ак кызматымды кыла берем.  Мурда кандай иштесем, азыр да ошондой ишимди улантам.

 –Кайсыл маселени айланасында ушундай чечим чыгара турган адамдарга жакпай калдым деп ойлойсуз?

-Мен негизи коррупция боюнча күрөштү кубаттагам. Башкача айтканда, ТЭЦтеги коррупция боюнча күнөөлүүлөрдүн аты аталса, баары жазалансын деген позицияда болчумун. Сыягы, чоң коррупционерлердин  аты атала баштаганда аларга менин сөзүм жакпай калган окшойт. Ошон үчүн  ушундай жол менен мени четтетүүгө аракет кылышты деген ойдомун.

-Неге кыргыз саясатында атаандашын “каралоо” же “подстава” жолу аркылуу сындырууга, жок кылууга аракет кылышат?

-Анын сырын чыны менен билбейм. Чынын айтсам өзүм биринчи жолу чындыкка дал келбеген каралоого туш болдум.  Муну кандай максатта кылышты,  не үчүн ушул нерсени тандашканын азыр да биле албай жатам.

Башта мен жок жерден каралаган журналисттерге чара көрүлсүн, кыргыз тилдүүлөргө артыкчылык берилсин. Чет мамлекеттен келгендер азыраак жергиликтүүлөрдүн пайызы көбүрөөк болсун деген таризде мыйзам жазсам туш тарптан талашкан. Мен ушундай жалаа жапкандар жоопкерчилигин сезсин, жалган жалаанын кесепетин өзү да тартсын деген максатта жазгам. Аны көбү түшүнүшкөн эмес. Азыр мен ошол жалган жалаанын кесепетин тартып жатам.

-Балким, Атамбаевге жан тартканыңыз үчүн кимдир бирөөлөргө  жакпай калгандырсыз...

-Мен Атамбаев эмес башкага деле жан тартпайм. Табиятымдан калыстыкты туу тутам. Ким жакшы иш кылса, көз жаздымда калтырбайм. Ким жаман иш кылса, аны да билмексен боло албайм. Балким, ушул сапатым кимдир бирөөгө жакпай калса калгандыр. А балким, КСДП таза болбой коррупцияга аралашып кетсе, ал партиядан  да чыгып кетем деген сөзүм жогору жактагыларга  жакпай калса керек...

- “Ар-Намыстан” чыгып, КСДП менен шайлоого аттандыңыз. Эми мындан да чыктыңыз. Келечекте парламенттик шайлоо болсо кайсыл партия менен барасыз?

-Эртеңки күндү бүгүн болжогонго болбойт дегендей келечек тууралуу бир нерсе деп айтыш кыйын. Ал нерсе убагында билинет. Анткени, кайсы партияны тандаарым, шайлоого барар барбасымды азыр чече элекмин. Анын баары алланын буйругу менен болот. Буйруп койгон болсо дагы депутат болуп иштейм. Буйрубаса, башка иш менен алек болом.

-“Ар-Намыстан” КСДПга позицияңыз өзгөргөн үчүн өттүңүз беле же реалдуу мүмкүнчүлүк  КСДПда деп ошол партия менен шайлоого аттандыңыз беле?

-Мен “Ар-Намыстын” шайлоого барганга мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн КСДПга киргем. Анткени, Феликс Шаршенбаевичке кайрылсам ал киши парламенттик шайлоого барганга мүмкүнчүлүк болбой жатат дегендей кылды. Экөөбүз сүйлөшүп, макулдашып, ал киши менен акылдашып туруп анан партиядан чыккам. Ошон үчүн Феликс Шаршенбаевич менен азыр да жакшы, сый мамиледемин.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости