www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинин  адилеттик  сотунун мусулмандардын негизги укуктары менен эркиндиктерин бутага алган жоолук боюнча чечимине каршылык көрсөттү.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына кетер алдында өткөргөн пресс-конференциясында Европа Биримдигинин адилеттик сотунун жоолук чечимине байланыштуу буларды айтты: «Айрыкча, адилеттик соту өзүнүн атын өзгөртүшү керек. Алар өздөрүнүн адилеттик соту экендигин далилдеши керек. Бул сөздү барып кипа кийгендер үчүн айтышы керек. Кипа кийгендерге бул сөздү айта алышар бекен?».

Европа адилеттик соту 15-июлда Германияда жоолуктарынан улам жумуштарынан алыстатылган 2 аялдын доосу тууралуу чечим чыгарып, Европа Биримдиги фирмаларынын белгилүү шарттардын астында иштегендердин  жоолук салынышына «белгилүү шарттардын астында» тыюу сала аларына чечим чыгарган.  

Соттун билдирүүсүндө: «Жумуш орундугунда  философиялык же диний ишеничтерге таандык кандайдыр бир символду колдонууга тыюу салынышы, жумуш берүүчүнүн кардарларга карата тарапсыз бир имидж сунуу же социалдык келишпестиктерди алдына алуу зарылчылыгы менен  туура болушу мүмкүн»,- деп билдирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости