www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кыргызстандыктар жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап жаткан мекендештер, Курман Айт майрамыңыздар маарек болсун! Мамлекетибизде, дүйнө жүзүндө тынчтык, ар бир үй-бүлөдө амандык болуп, Жараткан Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Мамлекетибиз өнүгүп өссүн! Кыргыз элинин очогунун оту өчпөсүн, эч бир үйдөн кут кетпесин, журтубуздун башына баш кошулсун, жашына жаш кошулсун, асманыбыз ачык болсун! 

Улуу Кыргыз элин айгайлап кирген жоодон, онтоткон оорудан айттырбай келген кырсыктан, агыны катуу суудан Кудай сактасын. Элибизге ынтымак жана биримдик берсин! Курман айт күнү айтылган ак тилектерибизди Жаратканыбыз кабыл кылсын.

Элибиз аман, жерибиз көрктүү, асманыбыз ачык, телегейибиз тегиз, тилеген тилектерибиз ишке ашып, чалган курмандыктарыныздар кабыл болсун.

Курман Айтыңыздар маарек болсун! 

Жогорку Кеңештин депутаты, Искендер Матраимов

Последние новости