www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Түркия менен мамилени чыңдоону, жакшыртууну айтты. Реджеп Тайип Эрдоган да эки мамлекеттин бир туугандык мамилесинин бекемделишине кызыкдар. Бирок анын олуттуу шарты бар, эскертип коёлу. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда биздеги гүленчилерди жапырт кармап, өз мамлекетине өткөзүп алуу талабын билдирген эле.

Себеби, алар Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышып, куралдуу жаңжалга чейин барышып, жеңилип калышкан. Ал ортодо Кыргызстанга олуттуу маселе коюлган. Биздеги «Сапат», «Ала-Тоо», «Манас» ж.б. окуу жайларындагы мугалимдерди, бизнестеги гүленчилерди камакка алуу, окуу жайларды жабуу суранычы аткарылган эмес. Атамбаев каршы чыгып, ошондон эки мамлекеттин мамилеси муздай түшкөн.

Эми азыркы бийлик чыныгы достукка баруу үчүн эмне кылуу керек? Дал ошол Эрдогандын эски талабын аткарса, андан соң гана кучак жайышкан бир туугандык мамилелер башталат го? Элестетип көргүлө, биздеги жүздөгөн гүленчилерди байлап кетип жатышканын...

Булак: Азия News гезити

Последние новости