www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook социалдык тармагында Мелис Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы президент ушул жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 млн доллар алгандыгын, аны облустарда шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген.

Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

Кечээ, 14-май күнү бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости