www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-майда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы иппадромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафон старт алды.
Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден-соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.
Маалыматка ылайык, марафон ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлөт.
Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.
Жарыш 15-майда саат 8:00дө Чолпон-Ата ат майданында старт алды. Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон — 42 км 195 метр, жарым марафон — 21 км 97 м, 10 км, 3 км, скандинавиялык басуу 3 км.
Ушул жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.
Кошумчалай кетсек, ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл XI эл аралык марафону эпидемиялык абалга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Аталган иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 2-майында өткөрүү пландалган болчу.
Булак: NazarNews.kg