www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун мүмкүн болушунча тезирээк уюштурууну өзүнүн максаты деп эсептей турганын билдирди.

«Биз эгин коридорун түзүү жана туткундарды алмашуу менен башталган процесс уланып жатканына абдан сыймыктанабыз. Эми биздин максат - согушту токтотуу үчүн мүмкүн болушунча тез арада Орусия менен Украинанын лидерлеринин жолугушуусун уюштуруу», - деди Түркиянын президенти.

Эрдогандын айтымында, Түркия Орусия жана Украина менен да диалогун улантып, дипломатиялык тармакта олуттуу ийгиликтерге жетишти. Түркиянын президенти дан коридору аркылуу Украинадан 5 миллион тоннадан ашык азык-түлүк экспорттолгондугун айтты.

Мындан тышкары Эрдоган Түркиянын Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташтыгын кеңейтүүнү жактайт.

Москва ар дайым Киев менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирип келген, бирок РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, азыр Украина менен сүйлөшүүлөрдүн келечеги жок. Эрдогандын Орусия менен Украинанын президенттеринин сүйлөшүүсүн уюштуруу сунушунун актуалдуулугуна токтолгон Песков буга азыр эч кандай шарт жок экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости