www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен Түркия Сириянын Дейр-эз-Зор шаарындагы нефти кендерин бирге башкарыш керек. Бул тууралуу Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.
Белгилей кетсек, кечээ, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Брюселлде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушкан. Бүгүн ал түркияга кайтып келип, жергиликтүү журналисттердин суроосуна учактын бортунан жооп берди. Жоопторунун ичинен Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путинге Дейр-эз-Зор шаарындагы нефти кендерин биргеликте башкаруу жана ошону менен бирге Сирияныны экономикасын көтөрүү сунушун киргизгенин айтты.
Интервьюнун жүрүшүндө Реджеп Тайип Эрдоган учкучсуз түркиялык аскерлер Идлибде сегиз “Панцирь” зениттик-ракеталык жана курал комплекстерин талкалаганын билдирди.
“Бул абдан кымбат жана маанилүү абадан коргонуу системасы”,-деп белгиледи.
Булак: NazarNews.kg