www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мечиттерде акча, баалуу буюм жана кийим-кечек уурдап жүргөн деген шек менен Өзгөн районунун тургунун кармады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган тургун бир катар шаарлардагы, райондордогу мечиттерге ууруга кирип жүргөн.

“Ош шаарында жашап, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларына, Кочкор-Ата шаарчасына, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондоруна барып мечиттерден уурулук кылып келип, аларды сатып тиричилигин өткөрүп тургандыгын моюнуна алды”, - деп айтылат мааылматта.

Кылмышка шектүү мурда да Жазык кодексинин “Тоноо” жана “Жаза өтөө мекемесинен качуу” беренелеринин негизинде жаза өтөп чыккан. Милицияга быйыл мечиттердеги уурулук боюнча тогуз арыз келип түшкөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3 миңге жакын мечит бар экендиги айтылып келет. Алардын ичинен 1350гө жакыны Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында иш алып барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости