www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Биздин айыл тоого жакын болгондуктан жайы-кышы дебей аң уулаганды жакшы көрүшөт. Өзгөчө кыш мезгилинде беш-алтоосу биригип топтошуп алып тоого кийикке чыгып кетишет. Ошол боюнча ал жакта жумалап жүрүшөт, кийиксиз кайтып келишпейт. Айылдыктар болсо шыралга беришет деп чыдамсыздык менен күтүп турушат. Кийиктен олжолуу кайтып келишкен соң, "ой да" катуу майрамдашат. Мен деле жаш кезимден баштап кийикке чыгып келатам, өзүм дагы аң уулаганды жакшы көрөм. Аң уулап жүргөндө көптөгөн кызыктуу окуяларды баштан өткөрөсүң, бирок убакыт өткөн соң аны унутуп, эстен чыгарып коёсуң. Эстен чыкпай калган окуялар да болот. Менде баштан өткөн өзгөчө бүркүттүн бир окуясы эстен кетпейт.

Телевизордон бүркүттөрдү көрүп калсам ошол окуя кээде эсиме түшө калат. Оу, андан бери канча мезгил өттү, анда ойду оңторүп, тоону томкоруп күч-кубатка толуп турган жаш кезим болчу. Ошо күнү Канатбек деген досум экөөбүз эле кийикке чыкканбыз. Мезгил кеч күз болуп калган. Мындай маалда кийикке чыккандар аз болот. Баарынан кызыгы, экөөбүздө болгону бир мылтык, бир дүрбү, анан бир жумага жеткендей азыгыбыз бар. Аба-ырайы деле анча эмес болчу, өзүбүз эле ээленип чыгып кеттик. Аба-ырайы бузулуп, ачылып-жаап түшүнүксүз болуп турду. Бардыгына кайыл болуп, кайтканда жөн кайтпай олжолуу кайтууну көздөп бараттык. Негизинен эле биздин айылдыктардын көнгөн адаты олжосуз куру-жалак кайтышпайт. Кийиктен жолдору болбой калса, анда жолдо жолуккан кандай гана жаныбар болбосун атып алып келе беришет. Алардын эти баары бир кийиктин этине жетпейт. Адегенде жолубуз болгон жок, кийиктерди таппай жүрдүк. Анан арадан эки күн өткөн соң алардын сары изине чөп салдык. Издери менен жүрүп отуруп бир жарым суткада араң кууп жеттик. Тоо бетинде жайылып жүргөнүн тээ алыстан эле дүрбү менен көрдүк. Аттарыбызды бери жакка карагайга байлап таштадык дагы тигилердин соңуна түштүк. Алар дегеле шашылышкан жок, тоо боорундагы чөптөрдөн оттоп, токтоп, жай ары карай жылып кетип баратышты. Канатбек буларды айланып өтүп бери карай үркүтмөй болду да шашыла кетип калды. Аң уулоодогу биздин негизги ыкма ушундай, бири үркүтсө, калганы бери жактан мылтыктары менен тосуп жакындап келишкенде атып алышат. Ага атайын таамай аткычтарды дайындашат, болбосо катуу чуркап бараткан кийиктерди тынбай аткыласаң дагы тийгизе албайсың. Булуңга жатып алып дүрбү менен кийиктердин кыймылына көз жүгүртүп турдум. Бир маалда күтүлбөгөн жерден эле менден жыйырма кадамдай жердеги дөңсөөнүн үстүнө жаш кийик чыга келди дагы, мен жакты шектене карай бир ордунда катып калды. Мен акырын кыймылдай октолуу мылтыгымды ошол жакка суна мээлей баштадым. Мындай мүмкүнчүлүк чанда гана кездешет. Өлүмгө жатат. Мактанбайын мынчалык аралыктан мен жаза атчу эмесмин, анын үстүнө бир орунда былк этпей турат. Башка мээлеп акырын машага колум жакындап келаткан. Бир аз болгондо эле ал оңкосунана сайылмак. Күтүлбөгөн жерден эле ал көздөн кайым болуп кетти. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым.

Көрсө, жогору жактан чоң бүркүт дөбөчөдөн ыргыта тээптир. Анын тоо боорунан төмөн карай тоголонуп баратканын көрдүм. Бүркүт аны илип алып өйдө карай көтөрдү. Өзүнөн эки эсе чоң жаныбарды көтөрүп кеткенине таң кала карап калдым. Он-он беш метрдей жогору көтөрүп барып кайраташтап жиберди. Жаш кийик тыбырчылай тоо капталындагы калың чөптөргө уруна темөн карай тоголонду. Кыйгач жерге тийип ошол боюнча төмөн тоголонуп жүрүп отурду. Бүркүт жаңы эле жетип илип кетээрде кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз чоң мүйүздүү кийик келе калды дагы мүйүзү менен бүркүткө кол сала аны илип кеткенге мүмкүнчүлүк берген жок. Чала жан жаш кийик ары-бери туйлап жатты. Аны бүркүт жаңы эле көтөрөйүн дегенде мүйүздүү кийиктин кийлигишүүсү менен кайра таштап жиберип жатты. Акыры аны алып кете албасына көзү жеткен бүркүт өйдө көтөрүлүп кетти. Мен бүркүткө көңүл бурган деле жокмун, эс-дартымдын баары эле тигил чала жан ары-бери туйлап жаткан жаш кийикте болчу. Дүрбү менен жакшылап карасам курсагы жарылып кетиптир. Бул акыбалы менен ал калыбына келе алмак эмес. Жанында турган чоң кийикти атайын деп барып токтоп калдым. Анан ордуман турдум да ошол жакты көздөй кадам таштадым. Чоң кийик мени көрдү да тигини таштап салып ары карай качып кетти. Жаш кийиктин жанына барсам мен ойлогондой эле курсагы айрылып кетиптир. Сыягы, бийиктиктен тоо бооруна тийгенде курсагы катуу нерсеге урунса керек. Ал эртеби-кечпи баары бир өлөт, батышты карап дуба кылдым да мууздап жибердим. Мындай акыбалда аны алып кете алмак эмесмин. Денесинин сандарын өз-өзүнчө кылып шылып бөлүп салдым. Башын дагы өзүнчө шылыдым. Кийиктер болсо менден үркүп эбакта алыстап кетишкен. Эмне болуп кеткенин анча түшүнө албай калдым. Оңкомон сайыла төмөн карай катуу аласалдым. Бир аз эсимди жыйа жогору жакты карасам алиги бүркүт шылынган эттердин үстүнде отуруптур. Мени ошол томолото тээптир. Жанталаша мылтыкка карасам, ал бүркүттүн жанында турат. Менин ар бир кыймылыма көз жүгүртүп турду, кыймылдасам эле мага кол салганы турат. Бир ордунда былкылдабай жата бердим. Эгер мага кол сала турган болсо тигил чоң таштын түбүнө корголоюн деп аткам. Бир аздан кийин ал жаш кийиктин сол жак бүтун алды да жогору көтөрүлүп учуп кетти. Тээ бир топ убакыттан кийин Канатбек күнөөлүүдөй болуп жетип келди "кийиктерди айланып өтө албай, кууп жетпей калдым" деп. Анан жиликтелип турган кийикти көрүп таң калды. Анын бир буту жок экенин көргөндө ого бетер оозун ачты. Мен ага болгон окуяны айтып бердим. Ошентип экөөбүз уудан олжолүу кайттык. Тигил бүркүт мени ыргыта тээп салып өзүнүн энчисин көтөрүп кеткенине күлүп жаттык. Мени көкүрөккө тепкен болчу, көпкө чейин оорутуп жүрүп анан айыкты. Мага кол салбаганына Кудайыма тобо келтирем. Далымда ошондон калган анча-мынча тырык бар. Ошондон азыркыга чейин эле бүркүттөрдү көргөн сайын ошол окуя эсиме түшө берет.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости