www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) ишмердүүлүгү, өлкөдөгү маалыматтык коопсуздукту камсыздоодогу ролу тууралуу сөз болуп, мекемедеги айрым маселелер жөнүндө да айтылды.

“Аты эле айтып тургандай КТРК коомдук кызыкчылыкты коргогон, элдин маданий-руханий көрөңгөсүн байыткан, өлкөдөгү демократиялык жаңыланууларды өнүктүрүүгө салым кошкон маалымат каражаты болушу керек”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгонбаев айрым көйгөйлөргө токтолуп: “Жылдан-жылга технология алмашып, калктын да сапаттуу материалдарга карата талабы артууда. Андыктан, КТРКнын курамындагы 6 телеканал менен 5 радионун ишине түздөн-түз таасир берчү заманбап техникаларды алуу үчүн каржы жетишсиздиги курч. Жогорку Кеңеш жана Өкмөт аталган маселени өз көзөмөлүңүздөргө алып, маалымат айдыңындагы мааниси жогору корпорациянын бюджетин көбөйтүүгө көмөктөшсөңүздөр”, – деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости