www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банка валюта рыногундагы кырдаал тууралуу билдирүү таратты.

"Cоода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн финансылык рынокторунда улам өзгөрүлүп турган жагдай байкалууда. Соода жүргүзүү жана финансы операциялары аркылуу рыноктордун бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдө орун алган жагдайдын Кыргыз Республикасынын финансылык индикаторлоруна да таасир берүүнү шарттайт.  

Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин карманат. Ошентсе да, валюта рыногундагы активдүүлүк көп учурда жарандардын күтүүлөрү менен психологиялык факторлордон улам жаралууда.  

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 2020-жылдын 10-мартында 53,7 млн АКШ доллары жалпы суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды (анын ичинде нак акчада 4,0 млн АКШ доллары). Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.  

2020-жылдын башынан тартып 10-мартка чейин Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, 140,2 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, бүгүн түшкө чейин эле доллардын курсу 69,80 (сатып алуу) жана 69,90 (сатуу) сом болуп турган. Азыркы тапта доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынууда.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости