www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган ушул аптада орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландап жатат. Бул тууалуу РИА Новости жазды.

"Ооба, ушул жумада мындай сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Президент мырза темаларды мурда эле белгиледи. Бул Запорожье АЭСиндеги кырдаал жана жалпысынан Украина кризисин жөнгө салуу. Түркия бул жаңжалда өзүнүн чынчыл ортомчу ролун ойноону улантууда. Ошондой эле Түркия тараптын ишенимине ээ болгон жападан жалгыз өлкө болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, эки лидер Запорожье АЭСиндеги кырдаал жана Украина кризисин талкуулайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Эрдоган Путин менен Львовдо Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын талкуулоону, ошондой эле орус лидеринен Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү өтүнөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости