www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, видео-конференция ыкмасы менен катышкан "Эл аралык көч" тасмалары фестивалынын жабылыш аземиндеги сөзүндө, фестивалдын кино аркылуу көч жана себептери боюнча кайрадан ойлонууга, көчтүн социалдык, маданий, саясий жана экономикалык жактары туурасында маалымдуулукту түзүүгө салым кошуусун тиледи. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
«Мүмкүнчүлүктөрү бизден көп эсе жогору турган өлкөлөр, качкындарга сандары ондоп саналган квоталарды коюп жатканда, биз раса, дин, тил, этникалык тек айырмалоосун кылбастан ар кимге кучак жайдык.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 260 миллионго жакын мигрант, 71 миллиондон ашуун жеринен ажыраган киши жана 25 миллиондон ашуун качкын бар. Адамдар бир гана дагы жакшы иш, дагы жогору жашоо стандарты эмес, көбүнчө аман калыш үчүн, карындарын тойгуза алыш үчүн көчүүдө.
Өз атуулдарыбызга кандай мүмкүнчүлүктү камсыздасак, өлкөбүзгө баш калкалаган муктаж жана эзилгендерге да ошондой эле аяр мамиле кылдык», - деп айтты.
Булак: NazarNews.kg