www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Феликс Кулов 2007-жылы жазында “Бириккен, Фронт” кыймылына Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу оппозиционерлердин башын кошуп, бакиевдик бийликке каршы аттанат. “Бириккен, Фронт” кыймылынын маалыматынын башын мыкчып, азыркы депутат Рыскелди Момбеков, күлүгүн жайдак чаап, ары-бери тепкилеп турган. Өкмөт башчысы болуп келип: “Мен билбей жүрүпмүн, Курманбек Салиевич адамдын сырттаны турбайбы” - деп анталаңдап турган Атамбаев Феликс Куловду “Бириккен, Фронт” кыймылына кошуп жанчат. Кулов, Сариев, Момбеков, Суваналиев, Текебаевдерди “текеге” теңеп, аны ээрчиген элди “эт комбинатына бараткан малга теңеп”, оппозициянын таш-талканын чыгарат. Феликс Кулов мини ГЭСтерди жетектеп, Өмүрбек Суваналиев Нарын облусуна губернатор болот.
2007-жылы Бабырбек Жээнбеков “Алиби” гезитин жарыкка чыгарып, анын башкы редактору Элнура Кулуева болгон. 2007-жылдын аягынан башкы редакторлукту Бабырбек Жээнбеков өзү алып, “Бириккен, Фронт” кыймылынын маалымат жетекчиси Рыскелди Момбековду орун басарлыкка алат. “Алиби” гезити бийликке каршы чыгып, улам алмашып турат. 2008-жылдын күзүнөн бул гезит жабылып, ордуна “Ачык саясат” гезити чыга баштайт. Ал эми 2009-жылы “Ачык саясат” гезити экиге бөлүнүп кетет, президентке талапкер Алмазбек Атамбаевди колдогондор Рыскелди Момбеков менен “Эл үнү” гезитине Медиафорумга кетишет. Кийин “Эл үнү” “Форум”, “Фабула” деп аталат. Президентке талапкер Темир Сариевди колдогондор Бабырбек Жээнбеков менен “Назар” гезитин түзүшөт.
Рыскелди Момбеков “Форум” гезити менен 2010-жылы бийликти алмаштырууда чоң роль ойногон, Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң ал маданият агентчилигин жетектеп, ошол кезде бул агентчиликти министрлик кылууга салым кошкон. 2010-жылы июлда Маданият министрлигин техникалык өкмөт түзүшкөн Садык Шер-Ниязга өткөрүп, СДПК партиясын сүрөп шайлоого өткөн. Андан соң анын шыбагасына “Учкун” концерни туш келет. 2015-жылы парламенттик шайлоодо СДПК фракциясынын депутаты болгон. Рыскелди Момбеков ушул парламенттин оратор депутаттарынын бирине айланат. Анын куйкум сөздөрү жер-жерлерге тараган. “Таластыктар үчүн эч нерсе кылган эмессиң. Атамбаев менен Роза Отунбаевага рахмат айт”, - деген сөздөр менен Таластын тургуну депутат Рыскелди Момбековду сөгүп, урушуп жаткан видео тартылыптыр. Акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек, Рыскелди Момбеков таластыктар үчүн эч нерсе кылбаса да, уктап жаткан депутаттардан айырмаланып, оозу бош турбай опурула сүйлөп, далай аткаминерлерди сыздатып келгени чындык.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg