www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баарыбызга белгилүү болгондой, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, Кыргызстанга 40тан ашуун мамлекеттен коноктор келип катышты. А тургай беш өлкөнүн өлкө башчылары Кыргызстанга келип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып кайтты. Эң башкысы,спорттук оюндар Кырчын жайлоосунда өтүп,боз үйлөр тигилип, бирнече оюн-зооктор болуп өттү.
“Азаттыктын” билдирген маалыматына караганда,соңку жыйынтык боюнча, мелдештерде кыргызстандык спортчулар 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло медаль (100 медаль) тагынып, биринчи орунда келатат. Экинчи орунда 69 медаль менен Казакстан, үчүнчү орунда Орусия келди. Орусиялык спортчулардын капчыгында жалпы 52 медаль болду. Төртүнчү жана бешинчи орун Түркмөнстан (27 медаль– 10 алтын, 5 күмүш, 12 коло) менен Өзбекстанга (33 медаль– 7 алтын, 8 күмүш, 18 коло) тийди. Кийинки орундарда Венгрия, Иран, Монголия, Украина турат. Мелдештерге катышкан 47 мамлекет бирдагы медаль ута элек.
Көчмөндөр оюндарынын башталышына Түркиянын президенти Режеп ТайипЭрдоган келип, Кыргызстан дүң эле дейтүшкөн. Расмий жана бейрасмий жолугушууларөтүп, атургай Бишкекте катардагы жарандармененда жолугушуп, Эрдоган кийинки сапарын Чолпон-Атага уланткан.
Баса, ал жактагы жолугушуулар ойдогудай өткөнү менен,түрк президентинин жубайы ЭминеЭрдоган жолтыгынга кабылып, Режеп Эрдоганды бир жарым саатка күттүруп койгон. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Түрк президенти жубайын 1 жарым саатка күтүп,Тамчыда олтуруп калган. Ага себеп Эрдогандын жубайы Кырчындан кайткан жолдо капчыгай ичиндеги тыгынга кептелип, жыйынтыгында аны тик учак менен алып кетишкен.
Ошентип, эл аралык деңгээлде аброю бар Эрдоганды аялыбы же Кыргызстандын атайын көзөмөл кызматыбы бир жарым сааттай аэропортто күттүрүп койгон.
Кызык, Режеп мырзанын жини кандай келгенин көрүш керек эле да...
Булак: NazarNews.kg