www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйырма жылдан ашык бирге жүрүп далай туулган күндөрдү өткөрдүк, бирок эч качан сени ушинтип эскерем деген ой келбептир негедир мага. Сен баарыбызга устат элең. Сенден көп нерсени үйрөндүм.

Бирок сен эч качан ушуну мен үйрөткөм, ушу жакшылыкты мен жасагам, баланчаны театрга мен орноштуруп, түкүнчө үчүн баландай сөз айттым деп айтпаган жөнөкөйлүгүң бар эле... Жумушка келгенде талыкпаган изденгич, кара жанын карч урган мээнеткеч, жасаган ишине эч качан ыраазы болбогон дагы казып көрсөк, дагы жаңы нерсе табат элек деген тынч албаган, артынан баарыбызды ээрчиткен доюр мүнөзүн бар эле. Биз сага ишенип артыңан ээрчип кете берээр элек...

Каза болоордон мурунку күнү тепкичтен чыгып келатыпсың... Мен, экөөбүз сүйлөшкөн боюнча сени кабинетке кирбей күтүп тургам. Күшүлдөп чыгып келип көкүрөгүңдү кармалап туруп калдың. 

-Эмне ооруп атасыңбы десем... 

-Көкүрөгүм кысылып атат – дедиң. 

-Эй врачка барсаңчы десем. Адатыңча

-Жоок ай, мага бир эки күн жетпейт, эки жума жатсам жакшы болот эле, мобу спектакль чыгып кетсин, анан... деп, суроолуу караган мени жайгарып койдуң...

Кийин нечен өкүндүм, неге ошондо жүрү бас, деп колуңан сүйрөп кардиологго алып барган жокмун. Неге, баягы эле жумуш, жумуш... ушу спектакль чыкса анан шашпай эс алып (Көрсө, инфаркт невак болуп, бирок билбестиктен басып жүрө берген турбайсыңбы).

Актер сахнада өзүнө партнер издейт эмеспи. Экөөбүз жакшы партнер элек, бири-бирибизди жарым сөздөн, ымдан- жымдан, көз караштан түшүнчү элек. Канча спектакльдерде бирге ойноп канча репетицияларда бирге ийиндеш туруп иштеп, анан ушинтип бири-бирин жарым сөздөн түшүнгөн партнер болооруңа ишендим. Сен жок сахнага да чыгып ойной элекмин.

Сен каза болгону “Марат экөөбүз аябай жакшы элек”, “Марат экөөбүз сырдаш элек” деген киши көбөйдү. Бирок сен сырыңды жан кишиге айтпаган туюк мүнөз элең. Өтө көпкө сүйлөшпөй калганда, чалып “арманымды угаар киши жок, келбейсиңби” деп күлүп калаар элең...

Мурдагүнү сенин бейитиңдин үстүнө коюлган эстелик түбүнө барганда ушулардын баары эске келди... Бейитин башында кыз-уулуң, жубайың башын ийип, өксүп турушту, кой дээр чама, же сени тирилтип келээр арга жок, каңырыгым түтөп, жай албай түнөргөн күндөй карарып мен турдум...

Маке... Аман болсоң бүгүн болгону 48 жашка гана толмоксуң...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости