www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апасы жаңы төрөп, унитазга таштаган бөбөктү медайымдар араң куткарышты. Бул жөнүндө Life.ru басылмасы Daily Mail шилтемеси аркылуу билдирди.

Окуя Кытайда, Тянцзинь шаарындагы төрөтканада болгон. Жаш эне баласын чөктүргөн соң, качып кетүүгө аракет кылып, бирок жетишпей калган.

Кызматкерлер кокусунан дааратканадан чыккан ымыркайдын үнүн угушат. Чуркап келгенде, унитазда чыркыраган жаш бөбөктүкөрүп, аябай шок абалда калышкан. Сурак учурунда, баланын атасы бойго бүткөнүн билгенде эле качып кеткени айтылды.

Анын үстүнө “каармандын” кош бойлуулугу тууралуу үй-бүлөсү билишкен эмес. Азырынча тергөө уланууда.

Маалымат булагынын билдирүүсү боюнча, ымыркай жабыркаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости