www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бухара” кафесинде столго бекитилген тыңшоочу аппарат табылды. Аны оппозициялык маанайдагы укук коргоочулар отура турган столго скотч менен чаптаган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, куран окутууга барган алар кокусунан полдо жаткан иштеп турган диктофонду таап алышкан. Чаптаган скотч ажырап кетип, түшүп калгандай.

“Диктофондун арты жабышчаак экен, а биз отура турган столдун алдыңкы бетинен диктофонду чаптаган скотч таптык”, - деп билдирди Журабаева. Жазуучу аппарат атайын укук коргоочулар отура турган столго жайгаштырылган.

“Биздин бирөөбүз эртерээк келген болчу, столду ээлеп коюп, анан официантка жемиштерди бергени барган. Кыязы, жабдууну ошол убакта коюшкан окшойт – жазылган мөөнөтү 20 мүнөттөн ашпаптыр”, - дейт ал.

Алар ошол эле замат администратор менен милицияны чакырышкан.

“Биз арыз берип, окуянын чоо-жайын баяндап түшүнүк кат жазып бердик. Мындай учурлар сөзсүз иликтенип, күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек деп эсептейбиз. Бул биринчи жолкусу эмес, бизди жаздырып, сүрөткө же камерага тартып жүрүшкөнүн байкап келебиз. Бирок, эмне үчүн? Биздин ачык айткандарыбыздан башка эч нерсебиз деле жок. А куран окутуу маалында жаздырып алуу – бардык чектен чыгып кетти”, - деп белгиледи ал.

Бул окуя бүгүн “Бухара” кафесинде болгон. Укук коргоочулар жаздыруучу аппаратты милиция кызматкерлерине тапшырышкан, кафенин администрациясы видеобайкоо камерасындагы жазууну берүүнү убада беришкен.

Буга чейин да коомдук тамактануучу жайлардан жаздыруучу жабдыктар табылган окуя катталган. Быйыл 7-февралда ИИМдин полковниги Талант Исаев “Обама” кафесиндеги өзү отурган столдун астынан тыңшоочу аппарат тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости