www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов партиялаштарынын, фракциядагы депутаттардын алдында шагы катуу сынып жүрөт да. Партия лидери Өмүрбек Текебаевдин башына кыйын күн түшүп, темир тордун артына Атамбаевдин жолдомосу аркылуу кетсе, жакын адамы, ал тургай “кошелёгу” аталып жүргөн Сайдулла Нышанов Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамды бериш керек деп жагалданып кыйкырып чыкканы, анын дарамети кандай экенин көрсөткөн.
Ошол сөзү партиялаштары, кесиптештеринин алдында азыр кепке кемтик кылып олтурат. Фракциядагы депутаттар дагы “жагымпоз” деген ат коюп алышып, катарына кошпой бөлүп койгону кийинки жумаларда ачык айтылабы?
Азыр Нышанов Өмүке дарыланып жаткан оорукананы тегеректеп эле жүрөт дешүүдө. Текебаевге кире албай жатыптыр деген сөздөр да бар. Текебаев эркиндикке чыгып калса, шермендем чыкпасын деп алдын ала алдынан өтүп койгусу келип жүргөн чыгар балким.
Булак: “Жаңы ордо”