www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Греция Олимпия оюндарынын мекени болгондой эле тарыхта Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катарыкалат”, - деп билдирди казакстандык Kazah гезитинин журналисти Кали Камбаров ДКОнун жыйынтыктары боюнча бүгүн өткөн маалымат жыйында.
“Эч ким мындан шектенбейт. Бул Оюндар менен сиздер Кыргызстанды сонун жарнамалай алдыңыздар. Укмуштуудай таасирлер үчүн терең ыраазылык. Кыргызстанга алгачкы жолу келип, Ысык-Көлдү эми гана көрүп жаткандар бар. Бардык масштабдуу иш-чараларда майда-барат кемчиликтери болот, бирок сиздер муну өткөрүп, Кыргызстанды укмуштуудай жарнамалай алдыңыздар, казак боордошторуңар силерге суктанып турат”, - деди ал.
Камбаров дагы 20 жылдан кийин гректердин олимпия оюндарына альтернатива катары Көчмөндөр оюндары пайда болоорун белгиледи. Ал, ошондой эле, Казакстан менен Кыргызстандын элдери ар дайым бир тууган бойдон калышын кааларын билдирди. “Биздин элдерден жакын эл жок”, - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg