www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фармкомпаниялардын нааразычылыгы чектен ашты. Алар дары-дармек департаментинин директору Гүлмира Шакировага өтө эле капа. Ар кайсыл иш-чараларга акча сураганы аз келгенсип, ар бир каттоонун (регистрация) убактысын атайын чоюп, билген намазын окуп жатыптыр. Себеби белгилүү! Кезек күткөн фармкомпаниялар "эжекелеп", берчүсүн берип, анан уруксаат кагазын алышат экен. Таза иштейм деген кадрларды кызматтан айдаптыр.
Кыскасы департаментти" бизнес борборго" айлантып, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип жаткандыгына фармкомпаниялардын чыдамы жетпей, эми нааразычылык акцияларын баштайбыз деп жатышкандыгын бизге жер тыңшаар мамыттар жеткирди.
Анан да, контрабанда күчөп кеткендиктен аптекалардагы дарылар менен көчөдө сатылып жаткан препараттардын айырмасы деле жок болуп калды деп, карапайым калк да нааразы. Эгер, фармкомпаниялар пикетке чыга турган болсо, биз да аларга кошулуп, Шакированын ишмердүүлүгүн текшертүү өтүнүчү менен Президентке кайрылабыз деген жарандар оголе көп.
Айтор, кадрдык жаңылыштык жалпы дары саясатынын чалмакейин чыгарып, бул тармакты тейлеген департаментти кыйратып жок кылганы калды дешет эксперттер. Кесиби экономист Шакированы медицинага алып келип, жыйынтыгы мына ушундай чакчалекей окуялар менен коштолууда. Гүлмира айымдын кылган ишине бир катар депутаттардын да ичи чыкпай жатат. Айтор, Шакирова өзүнүн билген эле кесиби боюнча жумуш таап албаса, анын кылган аракеттери чоң толкундоолорго алып келчү кебетеленип калды.
Булак: “Ачык саясат”