www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Израилдин бийлиги Түркия менен Эрдоганды Сириянын тузагына түшүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу түркиялык “Vatan” партиясына таянып, РИА Новости билдирди.

Саясатчылардын айтымында, Дамаск менен болгон конфликт азыркы бийлик үчүн аянычтуу аякташы мүмкүн.

“Түркияны тузакка түртүп жатышканын эскертебиз. Тузакка Түркия менен кошо биздин президентти да тартып жатат. Бул капканды АКШ менен Израилдин администрациясы түзгөн”,-деп партия билдирген.

Мындан сырткары, алардын пикиринде,  Америка менен Израилдин бийлиги  Анкараны Сирия менен согушууга үгүттөөдө. Мунун негизги максаты-Эрдоганды тышкы жана ички саясатта колдоосуз калтыруу.

Чыр-чатак мамлекетти обочолонтуп, стратегиялык өнөктөштөрүнөн, анын ичинен Россиядан да алыстатат.

Белгилей кетсек, Түркия менен Россиянын өлкө башчылары  5- же 6-мартта жолугуп, Идлибдеги кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүнү пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости