www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-март күнү өтө турчу митинг тууралуу мэрия түшүндүрмө берди

Эртең, 2-март күнү Борбор калаанын башкы аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдады.

Маалымдамага караганда, Садыр Жапаровдун тарапташтары акция өткөрөрүн мэрияга кабарлап, эскертишкен."Мэрияга саясатчынын тарапташтары митинг тууралуу эскертме-билдирүү калтырышкан. Акция 2-мартка пландалыптыр. Аларды биз Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына жөнөттүк. "Коомдук тартипти сактагыла" деген бир эле талап койдук. Мэрияда акция өткөрүүгө уруксат берип же тыюу салган ыйгарым укук жок", — деп билдирди мекемеден.

Белгилей кетсек, буга чейин саясатчынын мекендештери 20га чукул автоунаага желек байлап, Ысык-Көл облусунун көчөсү менен Бишкек тарапты көздөй келе жаткан адамдардын видеосу тараган.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости