www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына арналып, Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстандын пляж волейболу боюнча чемпиондук 29-августта жыйынтыкталды. Анда, EREM жана «Салам-Алик» командалары чемпион болушканын волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы турнирде, Өмүр Жунусов жана Уларбек Маматкулов курамында турган EREM-1 командасы биринчи орунду багындырса, Нурислам Медетбек уулу жана Ибрахим Матраимовдор курамына кирген EREM-2 командасы үчүнчү орунга жетишкен. Ал эми экинчи орунду Альберт Орозбай уулу жана Рахманалы Мукамадали уулу курамын түзгөн «Ош» командасы ээледи.

Аялдар арасындагы турнирде, Алия Шумкарбекова жана Мадина Мирлан кызы курамына кирген «Салам-Алик-1» командасы өлкөнүн чемпиону аталды. Күмүш медаль курамына Наргиза Акматова жана Алтынай Самат кызы кирген командага буюрду. Ал эми курамына Гүлниса Кадырбек кызы жана Огулай Кудайкулова кирген команда үчүнчү орунду ээледи.

Пляж чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды, КР волейбол  Федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев тапшырды.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости