www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирустун «британиялык», «индиялык», «түштүк африкалык» жана «россиялык» штаммдары жүрөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө «британиялык» штаммы бар экенин министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.
Маалыматка ылайык, 26-мартта министрликтин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык лабораториясы Новосибирскидеги лабораторияга анализдерди жөнөткөн. Натыйжада өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экени аныкталган.
Буга байланыштуу министрлик санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg