www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ош окуясы иликтенсе, ишин эптей албаган, ишине жоопкерчилик менен мамиле кылбаган адамдар да жоопко тартылышы керек», - деди бүгүн, 22-апрелде NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

- Качкын байке, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү неге Ош коогалаңын алдын алган эмес деген доомат коюлуп жүрөт? Алар кандуу окуя болоорун билип туруп, чара көрбөй коюшту беле?

- Ош коогалаңы болоордун алдында Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаевге массалык маалымат каражаттары улам коңгуроо кагып, түрдүү макалаларды жазышкан. Ошондой эле, Мелис Мырзакматов «абал оорлоп баратат, жардам бергиле, элдин тынчтыгын сактап калалы» деп какшаган.

Бирок, анда дагы жетиштүү чара көрүлгөн эмес. Ал турсун коогалаң чыккан күнү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү резиденцияда Исмаил Исаковдун туулган күнүн өткөрүп жатат деген маалымат тараган. Ошондон улам Исмаил Исаков туулган күнүн резиденцияда өткөрбөгөндө балким, жаңжалды чыгарбай учурунда басып калмактыр деген ойго кептелем.

- Бул каргашалуу кандуу окуя маани бербегендиктен болдубу же Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү башка иштерге алаксып калышканда күч алып кеттиби?

- Учурунда маани да берип, чара көрүшпөгөнүнөн болду. Ошондой эле, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү мамлекетти түз жолго салгандын ордуна кадрларды кызматка коюп, капчыктарын кампайтып, акчага алаксып калганынан болду.

Маселен, Алмазбек Атамбаев Илмиянов аркылуу кадрларды кызматка коюп, акча таап жатканы коомчулукка маалым болуп калган. Түштүк окуясын иликтегенде мына ушул маселелерди дагы көз жаздымда калтырбаш керек. 

Ошондой эле, коогалаңдан байыгандар да иликтениши керек. Тагыраагы, кан төгүлүп, карапайым эл айласын таппай жатса, өзбектерден акча алып, БТР менен ары-бери ташып, акча тапкандар да болгон. Мына ошолор да ачыкка чыгышы керек.

Баса, Ош окуясы иликтенсе, ишин эптей албаган, ишине жоопкерчилик менен мамиле кылбаган адамдар да жоопко тартылышы керек. Маселен, Кубатбек Байболовдун саясаттагы орду эске алынып, берилген кызматты да жөндөй алган эмес. Бул сапар ошондой шалаакылыкка жол берген жетекчилерди дагы жоопко тартсак, ар ким өз ишин так аткарууга аракет кылат.

- Бул окуяны сепаратисттер уюштурдубу?

- Ош коогалаңын Өзбек автономиясы кылабыз деген Кадыржан Батыров жана бийлигин сактап калууга жан далбастаган Алмазбек Атамбаевдин уюштурганы билинип эле калган. Бирок, жаңжал чыгып кеткенде абалды жөнгө салуу үчүн Артур Медетбековду Отунбаевалар ошко жөнөткөн. «Сен бара бер, артыңдан документиңди жөнөтөбүз. УКМКга орун басар болдуң» деп алдашкан. Азыркыга чейин Артур Медетбеков Отунбаеванын ошол жоругуна таарынып жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости