www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа эң төмөн. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу биздин өлкөдө электр энергиясына баа өтө эле төмөн. Ошол эле Казакстанды, Өзбекстанды карап көрсөк, аларда жарандар үчүн 2 сомдон жогору. Биздин өлкөдөгү буга чейинки тарифтер саясий чечим болуп келгендиктен, бул тармактагы өтө чоң карыздарга алып келди. Андай жолду кайрадан баспоо максатында иштерди аткарып жатабыз», – деди ал.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров билдиргендей бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын карызы 129 миллиард сомду түзүп, оңдолбой калган подстанциялар менен линиялар начар абалга келди. Мамлекет башчы турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу керектигин айтып, ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости