www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ өз аскерлерин Ооганстанга кайтарбайт. Мындай пикирди Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат айтты.
--"Америка Кошмо Штаттар согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөрдөн өз аскерлерин тез аранын ичинде чыгарып кеткен окуя биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Ошондуктан, азыркы кризис бир нече жылдан кийин АКШ саясатында азыркыдай курч маселе болбой калат деп ишенем.
Президент Джо Байденге карата учурда демократтар менен республикачылар тарабынан көп сын-пикирлер айтылып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Кабул аэроптунда болгон окуяларга жана дипломаттарга байланыштуу.
Америка Кошмо Штаттары позициясын өзгөртүп, кандай шартта Ооганстанга аскерлерин кайтараарын элестетүү мен үчүн кыйын. Ооган аймактарында "Аль-Каиданын", өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтордун жана башка майда террористтик уюмдардын мындан ары күч алып, бул өз кезегинде АКШ же Батыш өлкөлөрүнө түздөн-түз террордук коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептелген учурда гана АКШ аскерлерин артка кайтарса керек деп ойлойм.
Бирок Талибан Ооганстандын аймагын террордук уюмдан коргосо, мындай көзөмөл адам укуктарынын одоно бузулушу менен коштолсо дагы АКШ өз аскерлерин Ооганстанга кайтарбайт", - дейт Эрика Марат.
Булак: NazarNews.kg