www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда наркотрафик жана уюшкан кылмыштуулук күчөшү мүмкүн. Мындай пикирди Эрика Марат Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат билдирди. 

--"Ооган аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасынан биринчи жолу өтүп жаткан жок. Буга көп көңүл бурулбай келген, бирок көрүнүш мындан ары деле кайталанышы мүмкүн, анткени талибдер улам көп аймактарды, анын ичинде ооган өкмөтү көзөмөлдөгөн туруктуу аймактарды басып алып жатат. Ооганстанга көз салгандар ал жакта болуп жаткан окуяларга таң калышкан жок, мындай болушу мүмкүн экенин айтып келишкен.

Борбор Азияга эч кандай аскердик коркунуч жок деп ойлойм. Бирок наркотрафиктин күчөшү, анын айынан коопсуздук кызматы, аскер кызматкерлери арасында коррупциянын күчөшү жана, албетте, уюшкан кылмыштуулук күчөшү мүмкүн", - дейт Эрика Марат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости