www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук илимдер академиясын иритип кеткен Абдыганы Эркебаевге бийлик алмашкандан бери жан кирип, Алмазбек Атамбаев баш болгон анын командасын алынын келишинче жамандай баштады. Мурда оозуна талкан салып алгандай үнүн чыгаргандан коркуп элеңдеп турчу эле, эми жүнү тирилип, сын айтууга жарап калды. Бирок кайсы арына деген суроо туулат? Арты таза болсо бир жөн. Куйругунда калбыры болгондон кийин акылдуусунуп эмне кылат? «Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» деген чын окшойт.
Абдил Сегизбаев кызматта турганда үн ката албай отурчу эле, эми иштен кетээри менен калыс пикирин айткан болуп, акыйкатты сүйлөгөн болуп «Сегизбаевдин жоопкерчилигин караш керек» деп жыландын башын кылтыйтгы... Карыганда кадыры менен карыса болмок...деп жазат "Фабула".
Гезиттин жазган макаласында кашкайган чындык бар. Атамбаевдин бийлиги турганда, акылын аңдап айта албаган "дүжүр" аксакалдары тажатты. Сарасеп салып артыбызды карасак, ушул Абдыганы Эркебаев бир ачуу чындыкты деги айта албаптыр. Убагында Курманбек Бакиевдин арыгын эмес, каналын казып жүргөн эпилдеген Эркебаев, Бакиевдин бийлиги кулаганда желегин желбиретип көтөрүп, жамандап, тузун ичип, туз баштыгына түкүрүп чыккан. Так ушундай эки жүздүү элиталардан качан кутулат Кыргыз бийлиги.
Чын эле, Эркебаевге Абдил Сегизбаевге сын айтканды ким коюптур. Ооба, Сегизбаев өзүнүн командасына мыкты иштеп бере алды. Эркебаев эркек экен ачуу чындыкты, Абдил Сегизбаев кызматта турганда айтпайбы... . Мээрбек Мискенбаев айткандай, Сегизбаев кызматтан кеткенден кийин Абдыганы мырза "тата-пата" дебей...
Булак: NazarNews.kg