www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер түштү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтуусунда, учурда Боршайкомдун 12 мүчөсү иш сапарында жүргөнүнө байланыштуу кворум болоору менен комиссия бул маселени карайт. Осмоналиевдин маалыматы боюнча, Дамирбек Асылбек уулунун ордуна "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде Руслан Чойбеков келиши мүмкүн. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчиликке шектелип, 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар болуп чыккан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык депутатты "Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы" деп жазып чыгышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости